Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

11:30 Оштогу жарандык коом өкүлдөрү президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жиберишти


Кайрылуу ишемби күнү “Жарандар коррупцияга каршы” уюму тарабынан өткөрүлгөн “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу укугу” тууралуу мыйзам долбоорун талкуулаган жыйындын соңунда кабыл алынды. Жыйынга облустагы бир катар коомдук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып, 13-июнь күнү ЖК тарабынан кабыл алынган “Жарандардын тынч, куралсыз эркин чогулуу укугу” тууралуу мыйзам долбоору адам укуктарына каршы келерин белгилешти. Аягында бул мыйзам долбооруна кол койбоо өтүнүчү менен мамлекет башчыга кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу “Эл аралык коргоого көмөк көрсөтүү” борборунун жетекчиси Акылбек Ташбулатов “Азаттыкка” кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG