Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

16:30 “Де-факто” гезитинин бүт эмгек жамааты суракка алынды


Гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча басылманын кызматкерлерин тергөө кечээ башталган. Бүгүн техникалык кызматкерлер сурак беришти. Милиция кызматкерлери алып кеткен компьютерлер жана редакциянын башка жабдыктары качан кайтарылары азырынча белгисиз.
Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Де-факто” гезитине адамдын беделине шек келтирип, мыйзамды бузууга баргандыгы үчүн деген айып менен кылмыш иши козголуп, басылманын акыркы эки саны жарык көрбөй калган. Бир катар бейөкмөт уюмдар, саясий партиялар муну сөз эркиндигине басым жасоо катары баалашууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG