Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Ооганстандагы НАТОнун аскердик базасына Пакистан тараптан кол салынды


Ооганстандагы НАТОнун жетегиндеги эл аралык аскердик күчтөрүнүн бир базасы кечээ (ишемби күнү) Пакистандын аймагы тараптан кол салууга дуушар болгон. Бул тууралуу НАТОнун аймактагы өкүлү маалымдады. Ал коалициянын аскерлери өздөрүнө карата Пакистандын чек арасынын ары жагынан атылган миналарга жооп кылып, ок атылган жакты артиллерия менен аткылаган. Бирок киши чыгымдары жөнүндө маалымат жок. НАТО ооган-пакистан чек ара аймагында талиптердин кол салуулары күчөгөн сайын расмий Исламабадды өз чек ара чөлкөмүндө тийешелүү коопсуздук чараларын көрүүгө үндөп келет.

XS
SM
MD
LG