Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Орусиянын оппозициялык “Яблоко” партиясынын жетекчилиги алмашты


Либерал-демократиялык баалуулуктарды туткан оппозициячыл “Яблоко” партиясынын курултайыи бүгүн (жекшембиде) соңуна чыкты. Ал эми курултайдын ишемби күнкү отурумунда буга чейинки анын лидери Григорий Явлинский төрагалык кызматынан кетип, анын ордуна жетекчи болуп 45 жаштагы Сергей Митрохин шайланды Митрохин 2005-жылы Маскөө шаарынын Думасына “Яблоко” партиясынын атынан депутаттыкка шайланган жана шаардык кеңеште өз партиясынын фракциясын жетектеп келген. “Яблоко” партиясы уюшулуп иштеп жатканына 15 жылдай убакыт болду. Ал эми партияга келсек, ал декабрда Орусиянын парламенттик шайлоосунда жеңилип, мандаттан куру калган. Соңку шайлоону эл аралык байкоочулар демократиялык стандарттарга жооп бербеди деп сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG