Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү долбоору дирекциясы 15-июлда алгачкы чакан ГЭСти расмий ачат. Дирекция жетекчисинин орун басары Эмил Алиевдин билдиргенине караганда, Ысыкатада 1,8 меговаттык чакан ГЭС ишке киришти. Аны курууга германиялык “Дойчебанк” 800 миң долларлык инвестиция берди. Аталган дирекция президент Курманбек Бакиев тарабынан Феликс Куловдун сунушунун негизинде түзүлүп, оппозициялык лидер жетекчиликке дайындалган. (BuS)