Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

ИСА ӨМҮРКУЛОВ: ЖЕР САЛЫГЫН КӨБӨЙТҮҮ ТУУРА ЭМЕС


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Жогорку Кеңеш өткөн жума күнү жаңы салык кодексинин долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул салык кодекси боюнча учурда коомчулукта, ишкер чөйрөдө ар кыл пикирлер айтылууда. “Азаттыктын” түз ободогу таңкы маектеринин биринде Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/0E56E06B-0EC7-4F1C-8003-BD95402C34EB.asp Иса Өмүркулов ушул жаңы салык кодексинин тегерегиндеги суроолорго жооп берди.

- Алгач айтсаңыз, ушул жаңы салык кодексинин мурдагыдан кандай айырмачылыктары, өзгөчөлүктөрү бар?

-
Негизги өзгөчөлүк - кошумча нарк салыгынын (НДС) 20 пайыздан 12 пайзыга чейин азайышы. Буга байланыштуу бюджетке 6,5 миллиард сомдой каражат аз түшөт. Мунун ордун толтуруу үчүн ошол эле учурда өкмөт бир канча жаңы салыктарды киргизип жатат. Маселен, сырттан келип жаткан дары-дармектерге кошумча нарк салыгын киргизүү, жер салыгын 30 пайызга чейин көбөйтүү, мүлктөн салык алуу сыяктуу. Андан тышкары “каскаддык” салыктар жоюлуп, соода салыгы киргизилди.

- Мүлккө салык киргизилиши, жер салыгынын көбөйтүлүшү азыркы шартка канчалык ылайыктуу, бул карапайым эл үчүн оор болуп калбайбы?

-
Албетте, жер салыгын 30 пайызга көбөйтүү туура эмес. Буга биздин социал-демократтар фракциясы да каршы болду. Себеби азыр дыйкан-фермерлердин абалынан караганыбызда бул албетте оор түшөт. Жер салыгынын 30 пайызга көбөйүшү менен социалдык төлөмдөр да ушунча пайызга көбөйөт десек болот. Эгерде Чүйдө, Ошто, Жалалабатта сугат жерлердин ар бир гектарынын бүгүнкү төлөнүп аткан наркы 400-450 сом болсо , эми ар бир гектарына 240-250 сом кошулганы турат. Жердин эрозияга кабылып, жер семирткичтер тиешелүү өлчөмдө берилбей жатышын, аба-ырайынын быйылкыдай катаалдыгын, суунун жетишсиздигин эске алганда, ошол эле учурда жакырчылыкты, азык-түлүк коопсуздугун жою деген маселе турганда мен жер салыгынын көбөйүшүн түшүнбөй турам. Ошондуктан мен буга каршымын жана жаңы салык кодекси боюнча киргизилип жаткан мыйзам долбоору да туура эмес деп эсептейм.

- Жаңы салык кодексинде ишкерликти өнүктүрүүгө жакшы шарттар түзүлгөнү, мурдагыга караганда бир топ жеңилдиктер киргизилгени айтылууда. Бул көмүскө экономиканын ачыкка чыгышына шарт түзө алабы?

-
Жаңы салык кодексинин жакшы жагы - кошумча нарк салыгынын 8 пайызга азайышы. Эми ошону киргизсек көмүскө экономика ачыкка чыгабы, чыкпайбы бул экинчи маселе. Маселен, сырттан дары-дармек, медициналык аспаптарды ташыган ишкерлер буга чейин кошумча нарк салыгынан бошотулган болсо, эми жаңы жылдан тарта алар үчүн бул салык 12 пайызга киргизилүүдө. Ушул жактарын да караш керек эле...

- Рахмат маегиңизге!

XS
SM
MD
LG