Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

12:03 «А.Политковскаяны өлтүрдү» деп Кыргызстанда төрөлгөн адам айыпталууда


Журналистти үйүнө кире бериште Рустам Махмудов атып кеткен деп шектелүүдө. Бул тууралуу орус малымат каражаттары кабарлашты. Р.Махмудов Кыргызстанда төрөлгөнүн өлкөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов да «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, Р.Махмудов Кыргызстандын жараны эмес. Ал болгону Бишкекте төрөлгөн, кийинчээрек ордун алмаштырып өлкөдөн чыгып кеткен. Махмудов Кыргызстанда мурда – кийин кылмыш жасап, жоопкерчиликке тартылган эмес. Ага азыр эларалык издөө жарыяланды. Орусиянын прокуратурасынын алдындагы тергөө комитети журналист Анна Политковскаянын өлүмүнө байланыштуу тергөө иштерин жыйынтыктаганын өткөн аптада жарыялаган болчу. Ага ылайык, прокуратура «журналистти өлтүрүүгө катышкан» деп, үч адамга айып таккан. (EK)

XS
SM
MD
LG