Социал-демокараттар фракциясынын депутаты Роза Отунбаева, бүгүнкү саясий партиялар менен өкмөттүк эмес уюмдардын энергетика жана азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан жыйынында сөз сүйлөп, бийлик күздө боло турган жер-жерлерде жергиликтүү депутаттарды шайлоого катуу даярдык көрүп жатат деп билдирди. Анын айтымында, азыркы бийлик Жогорку Кеңешти толук көзөмөлгө алып, өз коопсуздугун тейлеген кызматтын башына бир тууган инисин алып келип, өзүм билемдик бийлигин дагы да өрчүтө баштады. “Эми бийлик күзүндө боло турчу жергиликтүү депутаттарды шайлоого даярдык көрүп, аларды да биротоло өз колуна алгысы бар”,- дейт депутат. Бийлик өкүлдөрү болсо шайлоолор акыйкат өтүп келатканын, демократиялык багытта жылыштар бар экендигин айтып келатышат. (ZKo,IJz)