Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

13:00 Анвар Артыков: Бийликке кысым көрсөтүү менен гана ийгиликтерге жетише алабыз


Ал мындай пикирин энергетика жана азык-түлүк кризисине байланыштуу саясий партиялар менен жарандык коом уюштурган тегерек үстөлдө билдирди. Анвар Артыковдун айтуусунда сүйлөшүү жолу менен бул бийлик менен тил табышууга болбойт. “Биз митинг, жүрүштөр менен айрым адамдарга бийликтен кресло алып бердик, бизди кечээ эле өзүбүздүн катарыбызда жүрүп, бүгүн бийликке жеткендер койго теңеген учурлар болду,” деп белгилеген Артыков саясий партиялар менен жарандык коомдун биригүүчү жайы –Алатоо аянты гана деп билдирди. Саясатчынын айтуусунда эл оппозицияны дилинде колдогону менен унчукпай келүүдө, ошондой эле эл дилинде бийлик алдап жатканын билсе дагы унчукпай отурат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG