Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:44

14:52 Жайкы демократия мектеби өз ишин баштады


БУУнун Ыктыярчылар программасынын Жаштык долбоору экинчи ирээт Жайкы демократия мектебин уюштурууда. Ага быйыл Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана Кыргызстандан 75 жаштык өкүлү катышууда. Мектепке сынак аркылуу кабыл алынган жаштар эми жай ичи саясат, экономика, адам укугу жаатында атайы адистерден маалымат ала алышат. Мектеп жаштарда сынчыл ой-жүгуртүүнү жана лидерлик дымакты өнүктүрүүнү көздөйт. Бүгүн Бишкекте мектептин ачылыш аземи өтүп, ага премьер-министр Элмира Ибраимова, депутат Бакыт Бешимов, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Александр Воинов катышты. (EK)

XS
SM
MD
LG