Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

15:00 Электр энергиясына, жылуулукка жана көгүлтүр отко болгон баанын көтөрүлүшү жеңилдиктер аркылуу компенсацияланат


Мындай маанидеги түшүндүрмөнү бүгүн өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маалымат кызматы таратты. Анда айтылгандай 1-июлдан тартып тарифтер көтөрүлөрү белгилүү болуп жаткан электр энергиясына төлөө үчүн мамлекет пенсионерлердин пенсиясына 12 сомдон кошумча кошту, бул көрсөткүч улам тариф жогорулаган сайын кошо өйдөлөй бермекчи. Ошол эле учурда карапайым калк үчүн электр энергиясына эң төмөнкү тарифтер коюлуп жаткандыгы айтылган. Ал эми жылуулук акысы акыркы жолу алты жыл мурун алмашкан, бул арада жылуулук берүүчү булактардын баалары бир нече эселеп кымбаттады, деп айтылат билдирүүдө. Анда белгиленгендей 2008-жылдын башына карата өлкөдө 489,1 миң пенсионер бардыгы такталган. Алардын ичинен пенсиясы 1500 сомго жетпеген бардык пенсионерлерге электр энергиясына акы төлөөдө жеңилдиктер каралган. Мындан тышкары пенсионерлер көп жашаган Бишкек шаарында аларга атайын субсидия борбору түзүлгөн. Коммуналдык кызмат акысы үй-бүлөлүк кирешенин 16% ашкан учурда бардык коммуналдык кызмат акылары үчүн субсидиялык жеңилдиктер берилет, деп кабарлайт өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги.
17-июнда Бишкектеги пенсионерлер митингге чыгып, шаар унаасында жүрүүнү бекер кылууну, пенсияны жогорулатууну жана коммуналдык төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди мурдагы калыбына келтирүүнү талап кылышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG