Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

17:25 Түштүктө АКШнын “Манас” аба базасынын учагы 31000 литр күйүүчү майды абадан төгүүгө аргасыз болгон


Аталган аскердик аба базанын коомчулук менен байланышуу кызматы тараткан маалыматка ылайык, 21-июнь күнү КС-135 үлгүсүндөгү май куюучу учагы авариялык кырдаалдан улам 31 тонна күйүүчү майды тоолуу аймакка төккөн, аба базанын жетекчилиги бул тууралуу Кыргызстандын расмий бийлигине маалымдаган. Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй “Манас” аба базасынын 276-абаэкспедициялык канатынын командири Кристофер Бенс АКШнын аскердик аба базасы 2005-жылдан бери Кыргызстанга май төкпөгөндүгүн, бул - алардын айлана-чөйрөгө олуттуу мамиле кылгандыгын көрсөтүп тургандыгын билдирген.
КС-135 учагынан май 7300 метр бийиктиктен төгүлгөн, аскердик аба базанын адистери мындай бийиктиктен төгүлгөн май жерге жетпей, абага сиңип жок болуп кетерин белгилешүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG