Балдардын жайкы эс алуусуна облустагы он бир лагерь жетиштүү түрдө оңдолуп, иштөөгө даяр болду. Бирок, өспүрүмдөрдүн эс алуу өнөктүгү толук башталбай турат. Ага балдардын тамак-ашы үчүн каралган жарым миллион каражаттын өкмөт тараптан берилбей жатканы себеп болууда. Бул тууралуу облустук бийликтин район-шаар бийликтери, профсоюз уюмдарынан башчылары жана лагерь ээлери катышып, 23-июнда өткөн Кеңешмесинде маалым болду. Маалыматка караганда жолдомолордун бөлүнбөгөндүгүнөн канча бала эс алуу жайларында ден-соолугун чыңдаары да белгисиз. Өз каражаттарынын эсебинен ушутапта иштеп жаткан үч лагерде 350 бала дем алууда. Буга дейре облустук- аймактык профсоюздар кеңеши былтыр 1300 өспүрүм эс алуу жайларында ден-соолугун чыңдап кайтканын билдирген. (YA)