Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:40

Зимбабведеги кырдаалга эл аралык коомчулуктун камтамачылыгы күчөөдө


Бул өлкөнүн оппозиция лидери Морган Цвангирай президенттик шайлоонун экинчи айлампасына катышуудан баш тарткандыктан улам аны өткөрүүнүн мааниси жок. Бул тууралуу бүгүн Еврошаркет билдирди. Зибабведеги кырдаал бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкууланган жатат. АКШ менен Британиянын айтымында, алар өз тынчыздануусун ушул жыйында билдирмекчи. "Олуттуу тынчыздануу" Африка союзунан да айтылды. Оппозиция лидери Цвангирай шайлоонун 27-июнга белгиленген экинчи айлампасынан президент Мугабе баштаган бийлик тарабынан анын жактоочуларына карата зордук –зомбулук, опузалоо күчөгүнүн айтып, баш тарткан. Оппозиция лидеринин жарыштан четтеши президент Мугабенин 28 жылга созулган бийлиги дагы улануусуна жол ачууда.

XS
SM
MD
LG