Уюмдун адам укуктары тобунун баяндамасында постсоветтик бул өлкөлөрдө энергияга баа өсүп, ошол эле учурда демократиялык өнүгүү тизгинделүүдө. Мунайдын жана жаратылыш газынын мол запасына ээ үч өлкөдө тең адам эркиндиктери чектелип, жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Баяндамада ошондой эле мурдагы президент Владимир Путин “авторитардык капитализмди” бекемдеп, маалымат каражаттарынын оозун жаап, сотторду көз карандысыз болбогудай башкарды деп айтылат.