Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

09:33 Бүгүн “Де-факто” гезитинин редакциясы тинтүүгө алынат


Бул туурасында “Азаттыкка” гезиттин адвокаты Нина Зотова билдирди. Анын айтымында, гезит жамааты дале суракка алынууда. Кечээ гезит директору Жеңишбек Эдигеев күбө катары суралган, бүгүн суракка гезиттин бир катар кызматкерлери чакырылаары күтүлүүдө. “Де-факто” гезитине карата “жалган ушак таратты” деген айып менен кылмыш иши козголуп, 14-июнда шаардык милиция кызматкерлери гезит редакциясын тинтип, бир нече компьютерди алып кетишкен. “Тергөөчүнүн убадасына таянсак, компьютерлер бүгүн кайтарылышы мүмкүн”, - деп кошумчалады адвокат Нина Зотова. Гезиттин архиви камакка алынган компьютерлерде сакталгандыктан, гезиттин акыркы эки саны чыкпай калды. (JTo)

XS
SM
MD
LG