Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

13:46 Президент К.Бакиев ЖККУнун баш катчысы Н.Бордюжаны бүгүн кабыл алды


Жолугушуу учурунда Николай Бордюжа Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда аткарылып жаткан иштер тууралуу уюмдун азыркы төрагасы болгон Кыргызстан президентине маалымат берген. Ал маалымат боюнча, ЖККУнун аракети менен учурда мыйзамсыз миграция жана өзгөчө кырдаалдар учурунда кызматташууну жүзөгө ашыруу боюнча координациялык кеңештер түзүлүп, иш жүргүзө баштады. Бордюжа ошондой эле уюмдун күзүндө боло турган жыйыны тууралуу да маалымат берген. Кыргыз президенти өз кезегинде жасалып жаткан иштер үчүн ыраазылык билдирип, Кыргызстан ЖККУнун алкагында кызматташууларды улантууга кызыкдар экенин белгилеген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG