Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

18:00 Cузак районундагы Кызылтуу айыл өкмөтүнүн тургундары жер талап кылууда


Айыл өкмөттө өз ыктыяры менен түзүлгөн жер комитеттин 5 мүчөсү буга чейинки кайрылуусуна жооп алуу үчүн облбийликке келишти. Комитеттин башчысы Канат Байжумаев өкмөттүн токтому менен айыл өкмөткө бөлүнгөн 8 гектар 37 сотых жер Жалалабат шаарына карап калган канатуулар фабрикасынан ажыратылып берилбей келатканын билдирди. Айылда турак жай куруу үчүн жерге муктаж болгон 129 үй-бүлө такталган. Аталган өлчөмдөгү жердин берилишине каршылык кылган шаар бийлигинин аппарат башчысы, бир нече тармактын башчылары кызматтан кетсин, ишти кароону создуктурган прокуратура, милиция кызматкерлерине иш козголсун, болбосо митинг өткөрүүчү шаар башчысынын бөлмөсүн ээлеп алабыз, деген талап коюлган кайрылууда. Облустук бийликтин комиссиясы комитеттин кайрылуусу боюнча иш чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG