Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

ТАЖИК ЖӨӨТТӨРҮ ЖАЛГЫЗ СЫЙЫНУУЧУ ЖАЙЫНАН АЙРЫЛЫШТЫ


Тажикстандын байыркы жөөттөр жамааты Дүйшөмбү шаарынын чок борборунда жайгашкан жалгыз синагогадан ажырады. Тажик бийликтери синагоганы жана анын жанындагы эски имараттарды бузуп, алардын ордуна дагы бир президенттик сарай курууну чечти.

Дөйшөмбү шаарындагы акыркы синагоганы өткөн аптада талкалоо менен байыркы жөөт жамааты сыйына турган жалгыз имаратынан ажырап, отуруп калды. Бир кабаттуу имарат шаардын чок ортосунда жайгашкандыктан тажик бийликтери ал жерде Улуттар сарайы деген аталыштагы ажайып бир кооз президенттик комплекс курууга киришти. Президенттик сарайдын ичинде сейил бактар жана фонтандар абдан көп болору маалымдалды.

Шаардагы жүздөн ашуун жөөттөр бул таатканада диний жөрөлгөлөрдү жана коомдук-маданий иш-чараларды өткөрүп келген. Улгайган жана жакыр жөөттөрдүн көбү синагогада бекер тамактанып алар эле.

Жөөттөр жамаатына шаардан оолак жерде жаңы тааткана куруу үчүн жер бөлүп бергени менен курулуш үчүн бардык чыгымды жөөттөрдүн өздөрү төлөмөй болду. Бирок жамааттын мүчөлөрү алыскы аймакта жаңы синагога куруу үчүн мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин айтышууда.

Дүйшөмбү шаардык администрациясынын 100 жылдык тарыхы бар синагоганы бузуп, анын ордуна башка имараттарды куруу демилгеси көптөн бери кызуу талаштарды жаратып келген эле. 2005-жылдан бери ошол жердеги имараттарды бузуунун натыйжасында жүздөгөн адамдар үй-жайсыз калды.

2006-жылдын февраль айында синагоганын алгачкы бөлүктөрүн урата башташкан. Бирок регионалдык, эл аралык жөөт топторунун жана ЮНЕСКО өңдүү абройлуу уюмдардын кысымы алдында ибадаткананы бузуу иштери создуктурулуп келген.

Бирок ушул жылдын башында Дүйшөмбү шаарынын бийлик өкүлдөрү имаратты бошотпогону үчүн жөөт жамаатынын лидерлерин сотко берди. Дүйшөмбү шаарындагы талашка түшкөн тааткананын раввинин өкүлү Давид Киселков апелляциалык сот жергиликтүү бийликтин пайдасына чечим чыгарды деди:

- Райондук жана шаардык сот болду. Бирок алар синагоганы бузуу керек деген чечим чыгарып жатышты. Шаардык апелляциалык сот дагы баштапкы чечимди өзгөрткөн жок. Сот чечими ошол бойдон калды – синагоганы бузуу керек.

1900-жылдардын башында Дүйшөмбү шаарында жөөттөрдүн эки мааласы болгон. Советтер союзунун доорунда, 1952-жылы жер өкмөттүн менчигине берилген. Натыйжада жөөт жамаатына храмдын имаратын колдонууга уруксат берилгени менен жер дале өкмөттүн менчиги бойдон кала берген.

Тажкистанда жөөттөр 2 миң жылдан бери жашап келет. Борбордук Азиянын башкы раввини Эйб Давид Гуревичтин “Азаттык” үналгысынын орус кызматына берген маалыматына ылайык, Советтер союзу ураардын алдында Тажикстанда 15 миңге жакын жөөт жашачу. Бирок кийин алардын көбү Израил жана батыш өлкөлөрүнө кетип калган.

Ушул тапта Тажикстанда болжол менен миңге жакын жөөт жашайт. Алардын айтымында, Дүйшөмбү шаарындагы акыркы синагога алар үчүн тарыхый мааниге ээ болчу. Буга карабастан, Дүйшөмбү шаарындагы көпчүлүк жөөттөр тажик бийликтери жаңы ибадаткана үчүн ыңгайлуу жер жана керектүү акча каражатын таап береринен үмүтүн үзбөй келет.
XS
SM
MD
LG