Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 16:48

7:55 Аялдар клубу: Шаар бийлиги көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарынын укуктарын бузууда


Көп кабаттуу үйлөргө таандык үлүш жерлерди Бишкек шаар бийлиги кайра бөлүштүрүп, тургундардын укуктарын тепсеп жатат. Ушундай чакырык таштаган аялдар клубу бүгүн коомдук угуу өткөргөнү жатат. Клуб жетекчиси Калича Умуралиеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жыйын аркылуу уюм шаар бийлигинин мыйзамсыз аракеттерин коомчулукка маалымдоо максатын көздөөдө. Ошондой эле Турак-жай Кодексине өзгөртүү киргизүү демилгесин да көтөрүп жатат. Бишкек пресс-клубунда өтө турган талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик курулуш, башкы архитектура, мамлекеттик мүлктү каттоо мекемелери, жарандык коомдор чакырылды. (BuS)

XS
SM
MD
LG