Ак үйдүн айтымында АКШ президенти Жорж Буш менен Ирак президенти Жалал Талабани жолугушууда коопсуздук маселелери боюнча келишимди талкуулачудай. Келишим БУУнун Ирактагы мандаты 2008-жылдын этегинде аяктагандан кийинки АКШ аскерлеринин макамын аныктайт. Буш менен Талабани АКШ менен Ирактын экономикалык, саясий байланыштар боюнча узак мөөнөттүү макулдашуусун да карашат.