Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

“ОРТОСАЙ” БАЗАРЫНДАГЫ КОШ БИЙЛИК


Бишкектеги “Ортосай” базарында кош бийлик өкүм сүрүп, жетекчилик менен мэрия ортосундагы тирешүү башталды. Биринчи тарап базарды төрт жылга ижарага алганбыз, бардык салыктарды төлөп жатабыз, келишимибиз ушул жылдын декабрь айында бүтөт” дешет. Ал эми экинчилери Бишкектеги базарлардын баары жергиликтүү бийликтин карамагына өтүп жаткандыктан базар башчылыгы жоюлуп, бирдиктүү башкарууга өтөт деген талаптарын коюшууда.

Бишкектеги “Ортосай” базарынын жашылча жана эт саткан бөлүгүн талашуу ырбады. Бишкек мэриясынын 19-майдагы чечими менен “Ортосай” базарынын учурдагы жетекчилиги жоюлуп, базар мүлкү мэриянын алдындагы жергиликтүү базарлар башкармачылыгына өткөрүп берүү милдеттендирилген. Мэриянын мындай бир жактуу чечим чыгарып койгонуна Ортосай базарынын жетекчилиги, кызаткерлери нааразы болуп, чечимди аткарбай жатат. Эмне себептен чыр чыкканын “Ортосай” базарынын директору Нурила Токоева мындайча түшүндүрдү:

- Ортосай базары мындан беш жыл мурда атайын банкорт деп жарыяланып, мурдакы жетекчилик тарабынан менчиктештирилип кете жаздаган. Ошондо базарда иштегендер чуу чыгарып, жалпы чогулуш кылып, жоопкерчилиги чектелген “Ортосай” бирикмеси болуп түзүлгөн. Биз мурдакы жетекчиликтин карыздарын да төлөп, 17 жылдан бери каралбай калган базарды ремонттон өткөрүп, өкмөткө да жыл сайын 200 миңден ашуун сом салык төлөп, базарды калыбына келтирип койсок, эми ээлик кылууну көздөгөндөр көбөйүүдө. Биздин ижара келишимибиз ушул жылдын декабрында бүтмөк. Ошого чейин мүмкүнчүлүк беришсин, биз дагы алган кредиттерибизди төлөп беришибиз керек.

Нурила Токоеванын мындай пикирине каршы тараптын өз жүйөөсү бар. Бишкек шаардык жергиликтүү мүлк жана базарлар башкармачылыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Айбек Муратбек уулунун айтымында Ортосай базарынын жетекчилиги жоюлуп, базарлар башкармасынын бирдиктүү курамына кирет:

- Бишкектеги базарлардын баары жергиликтүү бийликтин карамагына өткөндүктөн базар башчылыгы жоюлуп, бирдиктүү башкарууга өтөт деген талап коюлган мэрия тарабынан. “Ортосай” базары өкмөткө бир тыйын төлөбөй, өз чыгымын араң жаап келатат. Биздин карамагыбызга өтсө, салыктын баары өкмөткө түз түшөт.

Мындай пикирге “Ортосай” базарынын башкы бухгалтери Анаркүл Асаналиева макул эмес. Анын айтымында төрт жылда эле “Ортосай” базары өкмөткө 1 млн. сомдон ашуун ар кандай салыктарды төлөгөн. “Ортосай” базарынын жашылча жана эт саткан бөлүгү ай сайын орто эсеп менен 50-60 миң сом салык төлөп турат:

-Бул жерде мыйзамсыз эле чечим болуп калды деп эсептейбиз. Бул маселенин артында базарды менчиктеп алууну көздөгөндөр турат. Эми булар базар кыйын учурду баштан кечирип, карызга батып турганда кайда жүрүштү эле. Эч кандай салык төлөбөйт дегени бекер кеп. Ай сайын эле 50-60 миң сом салык, жылына 300 миң сом жер салыгын төлөп, толгон- токой ар түрдүү салыктарды үзбөй төлөп келатабыз. Буга чейин алар эмне кылып жүрдү? Биздин оюбузча буларды таасирдүү күчтөр алып чыгып, акыры базарды менчиктеп сатып алууну көздөп жатат.

Базардын мурунку жана учурдагы ээлеринин ортосундагы ушундай талаш тартыштан улам 23-июнда жашылча-жемиш саткан бөлүгү ижара акысын төлөөдөн баш тартышкан.

Он жылдан бери “Ортосай” базарында соода- сатык менен жан баккан жеке ишкерлер жетекчиликтин кош бийлигинин запкысын жеп, соода орундарынан айрылып, таалаада калышканын “Азаттыкка” айтып, мындай талаш-тартышуудан карапайым калк жабыр тартып жатышканын билдиришти:

Токон: - Эптеп өзүбүзгө иш орундуктарын таап, базар менен жан сактап келатсак, эми минтип улам жаңы жетекчилеп келип, өз тааныштарына биздин орундарды алып берип коюшу да ыктымал. Мындай талаш- тартышуудан карапайым эл кыйналып, бүтмөк болду.

Роза: -Менин павлионумду базардан мэрия менен акимчилик алдырып, анын орунда бутик беребиз дешип, убада беришкенине эки айдан ашты. Мен ысыктын күнүндө күнгө какталып ден соолугумдан ажырап баратам. Мен самын, кир жууган порошок сатам, Күн жааганда товарымдын баары бугулуп, жарабай калууда. Менин абалымды көргөн акимчиликтин, мээриянын өкүлдөрү шылтыңдап, күлүп кетишүүдө. Жаңы жетекчилик эле жыргатып жибермек беле?!

Айгүл: -Ушул жерде жүздөн ашуун сатуучу иштейбиз. Биздин таламдарды талашып, укугубузду коргой турган ким бар? Мурдакы базар башчылары колдон келген шарт түзүп беришип, базарды четинен ремонт кыла баштаган. Эми баары токтоп, менчикке өтүп кетүүсү ыктымал.

Ошентип мэриянын чечимине макул болбогон “Ортосай” бирикмесинин мурдакы жетекчилиги жана кызмакерлери адилеттүүлүк издеп, мамлекет жетекчилигине жана Жогорку Кеңешке кайрылмай болушту.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG