Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

17:37 Көл үстүндөгү моторлуу кайыктарды президенттик күзөт кызматы көзөмөлдөйт


Жайкы эс алуу сезону башталаары менен скутер, кайыктарга көзөмөл күчөдү. Ысыккөл райондук мамлекеттик администрациясы атайын комиссия түзүп, моторлук кайыктар менен шугулдангандарга коопсуздук, салык жана экология талаптарын сактоону милдеттендирди. Аларга уруксат кагазы президенттик күзөт кызматы тарабынан берилет. Бизнестин бул түрү чарбасыздыкка айланып, өткөн жылы 13дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Алардын катарында Максим Бакиевдин кеңешчиси Алексей Ким да мерт болгон эле. Скутерлерди “Аврора”, “Чолпоната резиденциясы” өңдүү эс алуу жайлардын пляжына киргизбөө үчүн эми аларды президенттин күзөт кызматы көзөмөлдөйт. (RB)

XS
SM
MD
LG