Буга чейинки үч санынын чыкпай калышына гезитке каршы кылмыш ишинин козголушу себеп болду. Шаардык прокуратура жалган ушак таратты деп, гезитке кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде кеңсесине тинтүү жүргүзүлүп, компьютерлери тартып алынган жана банк эсеби жабылган. Жамаат “Дефактонун” жаңы саны кесиптештеринин колдоосу менен чыкканын айтып жатат.