Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

16:15 Өзгөн шаарында милиция кызматкеринин автоматы атылып кетип, бир адам жараланды


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев 26-июнда “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кечээ түнкү саат 22:00 чамасында Өзгөн шаарынын борбордук автожолунда күзөттө турушкан милициянын жана МАИнин 3 кызматкери ДЭУ-ТИКО үлгүсүндөгү О 07-49 L номерлүү машинаны токтотуп, текшеришкенде айдоочу Ахмаджан Акбаралиевдин күбөлүгү жок болуп чыккан. Андан документ талап кылышканда, айдоочу орган өкүлдөрүнүн бирин бет талаштыра койгон. Аңгыча 20-25 чакты киши топтолуп, милиция кызматкерине асылып, автоматын талашып жатканда, даяр турган курал атылып, ок жерге тийип, андан чачыраган асфальт бөлүкчөлөрү тийген 17 жаштагы өзгөндүк Даврон Мехманов жараланган. Өзгөн аймактык ооруканасынын баш дарыгери Сатар Сайпиев менен байланышканыбызда, жабырлануучу Мехманов доктурга түн оогондо жеткирилгендигин, көкүрөгүн кандайдыр бир нерсе челип, жеңил жараат алгандыгын, эмнеден жапа чеккендиги текшерүүнүн негизинде аныкталаарын маалымдады. (ATo)

XS
SM
MD
LG