Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

ДҮЙНӨ КАЛКЫНЫН ЧЕЙРЕК БӨЛҮГҮ ЖУРТ КОТОРГУСУ КЕЛЕТ


Кубатбек Чекиров, Прага Жаңы жүргүзүлгөн сурамжылоолор дүйнөдө адамдардын ар бир төртүнчүсү башка өлкөлөргө көчүп барып туруктуу жашоону эңсей турганын көрсөтүүдө. Дүйнөнүн 82 өлкөсүндөгү миграциялык маанайды АКШнын «Геллап» (Gallup) сурамжылоо уюму изилдеп чыккан.

Өзүнүздүн Атажуртуңузду таштап, башка өлкөгө барып туруктуу жашагыңыз келеби? Эгер сиз дүйнөдөгү төрт адамдын мүмкүнчүлүгү жакшыраак бирөө болсоңуз, анда сиз «ооба» деп жооп бермексиз. Коомдук пикирди иликтеген Gallup компаниясы 2006-2008-жылдары 82 өлкөнүн ар биринде миңден адамга ушул суроону берип чыккан. Ага берилген жооптордун айрымдары таң калтырбай койбойт.

Маселен, мигранттарды өтө кызыктырган Батыш Европанын эки чоң өлкөсү – Улуу Британия менен Германияны алалы. Бул жакта жашап аткан адамдар жашоосуна аябай ыраазы деген ой келиши мүмкүн. Бирок баары эле эмес. Улуу Британияда да, Германияда да калктын 27 пайызы башка жакка барып жашагылары келишет экен.

Же болбосо Францияны жана Орусияны алалы. Францияны дүйнөдө өркөнү өскөн, жашоого ыңгайлуу бакубат өлкө катары билишет. Анткен менен анын калкынын 17 пайызы башка жакка көчүп кеткенге даяр экенин билдиришкен. Ал эми соңку жылдары байлар менен кедейлердин ортосунда ажырым чоңоюп жаткан Орусияда деле абал ушундай, элдин 17 пайызынын көчүп кеткенге көнүлү бар.

Мурдагы советтик республикалардын башкаларында алынган жооптор абдан ар түрдүү жана Ата Журтун жашоо жакшы көрүнгөн башка өлкөлөргө алмаштырганды каалагандардын санынын көрсөткүчү Орусияга караганда кээ биринде жогору, кээ биринде төмөн.

Жогорку көрсөткүч айрыкча Молдованын мисалында көрүнөт. Бул өлкөдө калктын 34 пайызы журт которгусу келет. Бул көрсөткүч Азербайжанда 28, Грузияда 26, Украинада 25, Арменияда 23 пайызды түзгөн. Кыргызстан менен Белорусияда элдин 20 пайызынын көчүп кеткенге ниети бурулуп турат. Балтика боюндагы Европалык Биримдикке кирген өлкөлөрдө чет жакка журт которгусу келгендердин деңгээли деле болжол менен ушундай эле чекте, 19 жана 20 пайыздын ортосунда.

Кыргызстанда эгемендик жылдары жумушсуздук менен жакырчылыктын айынан миграциянын толкуну мурда болуп көрбөгөндөй күчөп, беш миллион калктын дээрлик бир миллионго жакыны сыртта жүрөт. Айрыкча Орусияга иш издеп барып, ошол өлкөнүн жарандыгын алып туруктуу жашап калгандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Москвада көп жылдан бери иштеп жүргөн Назгүл Эсенова «Азаттык» үналгысы үчүн маек куруп, орус жергесин туруктуу байырлап калган кыргыздар көбөйүп жатканын айтты.

Казакстанда калктын 13 пайызы гана Атажуртунан кеткиси келет. Ал эми карууга жараган эр-азаматтын көбү соңку жылдары Орусияга жана коңшу өлкөлөргө көп кетип аткан Тажикстанда көчүп кеткиси келгендер 12 гана пайызды түзгөн. Сурамжылоо ошондой эле Ирандын калкынын 30 пайызы чет өлкөгө көчүп кеткиси келерин айгинеледи.

Иликтөө жүргүзгөндөрдүн айтымында, сурамжылоонун жыйынтыгы дүйнөдө адамдардын башка өлкөлөр менен болгон байланышынын, карым-катышынын жалпылашкан кырдаалын көрсөтөт. Бардык улуттарга мүнөздүү көрүнүш , чет өлкөдө туугандары бар же иш таап алууга мүмкүнчүлүгү бар адамдар журт которуу маселесин көп ойлонушат. Анын үстүнө сыртта жүргөн туугандары же балдары акча таап үйлөрүнө жиберип жаткандыктан, айрым кишилерге чет өлкөдөгү жашоо кызыктуу жана жеңил көрүнүш да мүмкүн.

Эми чет өлкөдөгү жашоо жөнүндө кыял-тилек абдан жогору жана абдан төмөн болгон эки өлкө жөнүндө айта кетели. Батыш Африкада мухит жээгинде жайгашкан жана бийлиги коррупциялашкан деп сынга алынып жүргөн Сьерра-Леоне өлкөсү бул жагынан баарынан ашып түшкөн. Бул жакта элдин 65 пайызы Атажуртунан көчүп кеткиси келишет. Ал эми чет жактагы жашоо анчалык кызык көрүнбөгөн өлкө болуп Сауд Арабстан эсептелет. Анын жарандарынын бир гана пайызы башка өлкөгө барып туруктуу жашагылары келет экен.

XS
SM
MD
LG