Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

9:50 Парламент Бишкек, Ош шаарынын инфраструктурасын оңдоо боюнча долбоорду ратификациялоо маселесин карап жатат


Каржы министри Тажикан Калимбетова парламентте маалымдаганы боюнча шаарларды оңдоо иштери АРИС тарабынан жүргүзүлөт. Анын иши Дүйнөлүк банк жана кыргыз өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Долбоор төрт жылга эсептелип, Дүйнөлүк банк тарабынан 12 млн доллар бөлүнгөн. Министр айымдын айтуусунда долбоор Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы конуштардын инфраструктурасын көтөрүүгө аракеттер жүргүзүлөт. Долбоордун алкагында жаңы конуштарга ичүүчү суу, жол, жарык жана канализация жеткирүү, мектеп, бала бакча, оорукана сыяктуу социалдык курулуштар тургузулмакчы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG