Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча кечээ кечинде нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрүп, шаарды каптаган. Селдин кесепетинен 46 менчик үй жана бир нече көп кабаттуу үйлөрдүн пайдубалдары жабыркаган. Кырсык болгон жерде өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери иш алып барышууда. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча жапа чеккендер жана курмандыктар жок. (ZKo)