Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

13:40 Өкмөт башчы жемиштүү кызматташкандыгы үчүн Жогорку Кеңешке ыраазычылыгын билдирди


Парламенттин бүгүнкү отурумуна катышып отурган премьер-министр Игорь Чудинов парламенттин алгачкы жарым жылдыктагы иши үчүн алдын-ала ыраазычылыгын билдирди. Анын айтуусунда депутаттар өлкөдөгү инвестициялык климатты сактоо жана ишкерликти өнүктүрүүдө көмөк көрсөтүүчү чоң иштерди жасашты. Ал эми депутаттардан өкмөткө келип түшкөн суроо-талаптар боюнча иштер аткарылып жатат, дейт өкмөт башчы.
Депутат Бегалы Наргозуев болсо парламентте кабыл алынган токтом, мыйзам, тапшырмалардын канчалык деңгээлде иштеп жатканы тууралуу үч айдан бери өкмөттөн бир да маалымат алалбай келе жаткандыгын белгиледи. “Мына өкмөттүн бизге кылган мамилеси, апрель айында берилген тапшырманын жообун бүгүнкү күнгө чейин ала элекпиз. Сөзсүз эле артынан кууп түшүү керекпи?” деди Бегалы Наргозуев.(ZKo)

XS
SM
MD
LG