Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

14:00 Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 22 жол кырсыгы катталды


Жол кырсыктарынан он адам көз жумуп, дагы отуз эки адам жаракат алган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарланууда. 2007-жылы Кыргызстанда 4690 жол кырсыгы катталган. Бул мурдагы жылга караганда он тогуз пайызга жогору. 2006-жылы жол кырсыктарынан бир миң элүү адам каза болсо, өткөн жылы алардын саны 200 адамга көбөйгөн. “Ушул тапта жол кырсыктарынын көбөйүшү өтө олуттуу проблемага айланды. Эгерде мамлекет бул маселени чечүүгө тез арада киришпесе, абал дагы да начарлашы мүмкүн. Кыргызстанда автоунаа ок атуучу куралдай эле болуп калды ”, - деген оюн жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча “Ак Жол 5” уюмунун башчысы Касымбек Райымкул уулу “Азаттыка” билдирди. (ESu)

XS
SM
MD
LG