Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

15:40 Т. Жумагулов: Кыргыз тилинин орфографиясын өзгөртүүгө болбойт, толуктоолорду гана киргизсе болот


Бүгүн Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Ташбоо Жумагулов жаңы кабыл алынган орфографиялык өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө берди. “Өзгөртүлгөн кыргыз тил орфографиясын алты жылдан бери жергиликтүү калк кабыл албай койду. Себеби айрым учурларда жер-суунун аттары чогуу жазылганда маанисин жоготуп койот экен.Ошондуктан кыргыз тили боюнча адистерден комиссия түзүлүп, жер суулардын аттары, кош жана кошмок сөздөрдүн өз алдынча жазылуусу керек экендигин туура деп тапты”, -дейт Т.Жумагулов. Ал ошондой эле жакын арада “Кыргыз тили” аттуу гезит жарык көрөрүн кошумчалады. Аталган гезитте кабыл алынган кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясы, жер-суулардын, татаал, кош жана кошмок сөздөрдүн жазылыш эрежелери жана башка материалдар жарыяланмакчы. Кыргыз тилине жер аттарын чогуу жазуу эрежеси пайдаланууга 2002-жылы кирген болчу. (ESu)

XS
SM
MD
LG