Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

КЫРГЫЗ ОРФОГРАФИЯСЫ ОҢДОЛДУБУ ЖЕ...


26-июнь күнү Жогорку Кеңештин кезектеги олтурумунда 2002-жылы 28-июнда кабыл алынган “Кыргыз тилинин орфографиясы жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзамдык бул өзгөртүүлөрдүн маани-маңызы туурасында Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде өткөргөн маалымат жыйынында кенен-чонон айтып берди. “Кыргыз тилинин орфографиясы жөнүндөгү” мыйзамдагы өзгөртүүлөр жер-суу, шаар-кыштак аттарынын жазылышына байланыштуу. Мындан ары жер-суу, шаар-кыштак аттарындагы кошмок сөздөр бириктирилбей, те илгеркиче бөлүнүп-бөлүнүп, сызыкча аркылуу жазылат.

Мыйзамды ушул багытта өзгөртүү талабы менен ошол 2002-жылдан баштап эле көптөгөн жарандар, адистер, коомдук уюмдар Жогорку Кеңешке кайрылып келишкен. Айрыкча “Ноокат” коомдук уюмунун жетекчиси Салима Жороева кайта-кайта Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине, ал турсун Төрагасына чейин кат менен кайрылып тургандыгын маалымдады.

“Кыргыз тилинин орфографиясы жөнүндөгү” мыйзамды өзгөртүү боюнча токтом толбоорун астейдил колдогондордун бири Жогорку Кеңеш депутаты Ибрагим Жунусов болуптур:

- Өзүбүздүн катачылыгыбызды өзүбүз мойнубузга алышыбыз керек. Жер-суу аттарындагы кошмок сөздөр бириктирилип калганда, биринчиден, сөздөрдүн мааниси өзгөрүп, экинчиден, өзүбүз эле тургай, чет өлкөлөрдөн келген меймандар да ушундай кантип болсун деген мааниде таңгалып жүрүшпөдүбү. Андыктан мен бул мыйзамдын өзгөртүлүшүн абдан колдодум. Эми Кыргызстан анча-мынча чыгым да болот, көрнөк-жарнактар, мөөрлөр оңдолуп дегендей. Ал чыгым катачылыктын алдында эч нерсе деле эмес.Эң негизгиси, болочок муундардын алдында жүзүбүз жарык.

Сөз болуп жаткан мыйзамдык өзгөртүүгө канааттангандар өтө эле арбын. Ошол эле кезде айрым башкача сунуштар дагы жок эмес. Маселен, жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кален Сыдыкова мындай дейт:

- 2002-жылкы мыйзам сабатсыздыкка алып келерин мен гезиттерге да сындап жазгам. Азыр болсо Жогорку Кеңеш дурус иш кылды. Бирок, жер-суу аттарындагы жанагындай кошмок сөздөрдү бөлүп, бирок сызыкчасы жок жазганда мындан да жакшы болмок. Мисалы, “Ысык-Көл” эмес, “Ысык Көл” деп.

2002-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз тилинин орфографиясы жөнүндөгү” мыйзамды академик Бүбийна Орузбаева баштаган адистер тобу даярдагандыгын эскерте кетели.

XS
SM
MD
LG