Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

17:36 Кыргызстандык режиссердун “Тармак” (Сеть) аттуу тасмасы орусиялык телеканал аркылуу көрсөтүлөт


Бул тууралуу аталган тасманын режиссеру Нурбек Эген билдилди. Анын айтымында, он эки сериялуу “Тармак” (Сеть) фильми 30-июндан тарта орусиянын “Биринчи” каналынан көрсөтүлө баштайт. Бул тасмада бир топ орусиялык белгилүү актерлор ойношкон. Ал эми фильмди тартууга сегиз ай жана 2,5 миллион доллар каражат сарпталган. Режиссердун билдиргенине караганда, фильм хакерлер тууралуу болот. “Сюжети боюнча, сексенинчи жылдары эле өлкөнүн бардык аймактарынан зээндүү балдарды чогултуп, кийин мамлекетке жана ишканаларга залака тийгизген хакердик кол салууларга каршы туруу үчүн алардан програмисттерди даярдай баштайт”,- деген Н. Эген тасма эмне менен аяктаарын ачыктаган жок. Эскерте кетсек Кыргызстанда Нурбек Эген “Аталар керээзи” тасмасынын режиссеру катары белгилүү. (ESu)

XS
SM
MD
LG