Энергетика жана өнөр жай министрлиги тараткан маалыматка караганда, азыр суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 миллиард 75 миллион куб метрди түзүп турат. Ал эми куюулуп жаткан суунун көлөмү секундасына 734 кубметрди гана түзүүдө. Ушундан улам өкмөт электр кубатын пайдаланууга чек коюуга барышы мүмкүн. Буга чейин Үч-Коргон ГЭСинде болгон аварияга байланыштуу “Түндүкэлектро” ишканасы 30-июнга чейин Чүй, Талас облустарынын аймагында электр энергиясын пайдаланууга чек койгон. (BD)