Мындай маалымат Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенбек Абдырасаковдон алынды. Анын айтымында, азыр Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги Бишкектин чыгыш дарбазасынын жанында курулат деген тарыхый-мемориалдык комплекстин долбоорун даярдап жатат жана ал 1-август күнкү иш-чарада көрсөтүлөт. Үркүндө шейит кеткендерге эстелик тургузуп, аларга арналган тарыхый жай куруу үчүн ошол жерден өткөн кылымдын 90-жылдарында берилген 4 гектар жерге жеке менчик кафелер курулуп, азыр жарым гектар гана жери калган. Мыйзамды бузуп, ал жерге ээлик кылууга уруксаат берген адамдарды жазалоо үчүн депутат Бейшенбек Абдарсаков прокуратурага кайрылаарын билдирди.Анын айтымында,2011-жылы Үркүндүн 95 жылдыгы белгиленчү иш-чараларга чейин бөлүнгөн жерде тарыхый комплекс курулуп ишке кириши керек.(BD)