Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:55

15:52 Кыргыз-кытай темир жолун куруу боюнча эки тараптуу макулдашуу түзүлөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын президенти Нариман Түлеев билдирди. Анын айтымында, кыргыз-кытай темир жолунун Кыргызстандын аймагындагы бөлүгү Кара-Суудан башталып, Торугартка чейин жетип, узундугу 269 чакырымды түзөт. Ага кыргыз тарап жумшачу каражатты биринчи вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев башында турган комиссия 10 күндүн ичинде аныктап, 4-августта өтүүчү өкмөттөр аралык жыйынга берет жана ал сентябрда кол коюлчу өкмөттөр аралык макулдашуунун өзөгүн түзөт. Нариман Түлеев ага чейин Орусияга барып, бул өлкөнүн темир жолчуларынын долбоор боюнча маанайын билет. Анткени, долбоорго Орусияны кошуп, бирдиктүү консорциум түзүү максаты алдыга коюлууда. Ал эми 25-июлда Бишкекте кыргыз-кытай темир жолунун долбоорунун бетачары өткөрүлүп,ага Борбор Азия, Казакстан жана Орусиянын өкүлдөрү чакырылат. Андан кийин долбоорду 2-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкүлдөрүнө тааныштыруу, 20-сентябрда Бишкекте аны ишке ашырууга киришүү иш-чарасын өткөрүү белгиленүүдө.(BD)

XS
SM
MD
LG