Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Мугабе шайлоонун экинчи айлампасында айныксыз жеңишке жетишкенин ырастоодо


Зимбабведеги президенттик шайлоонун экинчи айлампасы ушул жума күнү өткөн. Президент Мугабенин бүгүн мамлекеттик теледен айтканына караганда, мындай тыянак чыгарууга добуштарды саноонун бейрасмий жыйынтыктары мүмкүндүк берүүдө. 84 жаштагы Мугабе экинчи айлампада жападан жалгыз талапкер болду. Март айындагы биринчи айлампада көп добуш алган оппозиция лидери Морган Цвангирай бийлик анын жактоочуларына каршы зордук-зомбулук көргөзүп жатканынын айтып, жарыштан чыгып кеткен эле. Бирок Цвангирай мындай чечимин кеч жарыялады деп эсептеген Зимбабве бийликтери анын ысымын шайлоо бюллентинде калтырышкан.
Эл аралык коомчулук президент Роберт Мугабени шайлоонун экинчи айлампасын токтото турууга чакырып, азыркыдай шартта ал легитимсиз экенин эскерткен. Африка союзунун шайлоого көз салган байкоочулары экинчи айлампаны адилет же эркин деп эсептөө мүмкүн эмес экенин билдиришти. Анткен менен Зибабвени башкарганына 30 жылга жакындап калган Роберт Мугабе бүгүн эле кийинки беш жылга шайланган президент катары расмий жарыяланары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG