Бул күндөрү Астанада ЕККУ парламенттик ассамблеясынын 17-жыйыны өтүүдө. Мындай жыйын Борбор Азия өлкөлөрүндө алгач ирет өтүп жатат. ЕККУ Казакстандагы бир да шайлоону демократиялуу өттү деп тааный элек. Казак бийликтери болсо демократиялык рефорамаларды жүргүзүү убадасын байма-бай берип келет. Казакстан 2010-жылы ЕККУга төрагалык кылат.