ЕККУнун азыркы төрагасы, Финляндиянын тышкы иштер министри Александр Стуб эки күндүк сапары учурунда Бишкекте президент К.Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Тагаев, тышкы иштер министри Э.Карабаев жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат. Жолугушууларда негизинен Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуусу, буга чейин жетишилген келишимдерди аткаруу маселелери талкууланат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен бүгүн кабарлашты.(AiT)