Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

16:26 БУУнун регионалдык борборунун башчысы Мирослав Йенчти Игорь Чудинов кабыл алды


Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Борбор Азия регионунда алдын-алуу дипломатия борборунун башчысы Йенч мырза бул күнү тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен да жолугушту. Жолугушууларда негизинен Кыргызстандын ички, тышкы саясаты, региондогу коңшу мамлекеттер менен мамилеси, регионалдык проблемаларга карата Кыргызстандын көз карашы жана аларды чечүү боюнча Борбордун иши тууралуу сөз болду. БУУнун регионалдык борбору Түркмөнстан борборунда жайгашкан. Мирослав Йенч мырза сапарынын жыйынтыгы боюнча 1-июлда маалымат жыйынын өткөрмөкчү.(AiT)

XS
SM
MD
LG