Профсоюздардын Ош аймактык комитетинин төрагасы Тайлакбай Мусаев «Азаттыкка» билдиришинче, Кыргыз өкмөтү оштук балдардын жолдомосуна 2 миллион сом ажыраткан. Тилекке каршы, көрсөтүлгөн каражатты каржы министрлиги ар шылтоону айтып бөлбөгөндүктөн, июндагы эс алуу үзгүлтүккө учурады, эми июль айындагысы да күмөндүү болуп турат. Жергиликтүү эксперт Эркин Абдыразаков: «Профсоюз алдындагы милдеттенмесин аткарбагандыгы үчүн мамлекетти сотко берүү зарыл, эмне үчүн Өкмөт балдардын ырыскысын кыйыш керек» деген оюн билдирди. (АТо)
18:20 «Оштогу балдардын жайкы лагерлерде эс алуусу үзгүлтүккө учуроодо»,- деп кабатырланууда профсоюз уюму