Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Африка биримдигинин лидерлери Египеттеги саммитте Зимбабведеги саясий кризсти талкуулап жатышат


Жыйынга жекшембиде ант берген Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе катышууда. Чыр-талаш менен коштолгон шайлоонун экинчи айлампасында ал жападан жалгыз талапкер болгон. Оппозициянын лидери Морган Тцвангирай анын тарапкерлерине көргөзүлгөн зомбулуктан улам, өз кандидатурасын жарыштан алып таштаган. Тцвангирай саммиттин катышуучуларын Мугабенин кайра шайланышын тааныбоого үндөдү. АКШ жана бир катар Батыш өлкөлөрү Харареге жаңы санкция киргизүүгө чакырышууда. Саммитин резолюция долбоору Мугабени же добуш берүүнүн экинчи айлампасын сындабаганы менен зордук-зомбулуктарды айыптап, диалогго үндөйт.

XS
SM
MD
LG