Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

ТАЛАСТЫК МАМЧИНОВНИК ЖУРНАЛИСТТИ БАШКА ЧАПТЫ


Талас облустук суу чарба башкармалыгынын башчысы Көкүнбек Таштаналиев облустук администрациянын алдына суу боюнча арызданып келген адамдардын көзүнчө, облустук телекомпаниянын журналистин папкасы менен башка чапты. Таластагы журналистерди коргоо борборунун юристи мындай көрүнүш жалпы журналистерди башка чапкан менен барабар деп түшүндүрүүдө.

30-июнь күнү эртең мененки 9 жарымдар чамасында облустук администрациянын алдына Карабуура районуна караштуу Бакайыр айылынын 100гө жакын тургундары сугат суунун тартыш болуп жаткандыгы тууралуу арызданып келишет. Ошонтип ал жака облусук суу башкармалыгынын башчысы Көкүнбек Таштаналиев да келип, администрациянын алдында дыйкандарга абалды түшүндүрүүгө аракет кылып, баардык көйгөй суу пайдалануучу ассоциацияларынан деп кыйкырык менен айтып кирет. Бир маалда ошол жерде видео камерасы менен тартып маалымат чогултуп жаткан Талас телекомпаниянын журналисти Ороз Бейшебаевди Таштаналиев папкасы менен «сен коетурчу» деп бир чаап жиберет. Журналист Ороз Бейшебаев ыза менен “Азаттыкка” кайрылып, Көкүнбек Таштаналиевди сотко берерин билдирди:

- Элдердин мүдөөсүн угуп, губернаторго арыз-муңун жеткизели деп биз берүү даярдап жатканбыз. Ошол учурда чаап жибергени туура эмес, одоно иш болуп калды. Журналистер жалпы талкуулап муну сотко берүүгө туура келет. Сотто чечилет болуш керек бул маселе.

Талас облустук суу башкармалыгынын башчысы Көкүнбек Таштаналиев алгач мен журналист Ороз Бейшебаевди урган жокмун деп “Азаттыкка” аталган фактыны четке какты:

- Мен эч кандай чапкан жокмун. Мен айтым биз азыр өзүбүзчө териштирелик, анан кийин ошонун жыйынтыгы менен маалымат берелик дедим. Мен камераны мындай тосуп, азыр дыйкандар менен сүйлөшүп туруп анан интервью берейин, дедим. Анын эмнеси бар?

Андан кийин Талас телекомпанияга чоогуу барып сүйлөшүүнү сунуштады. Талас телекомпаниянын жетекчиси Бурмагүл Чабдарованын кабинетинде Ороз Бейшебаевдин катышуусу менен төмөнкүчө сөз болду.

Көкүнбек Таштаналиев:

- Мен эй тартпай коетурчу деп биринчи айттым го.

Журналист Ороз Бейшебаев:

- Жок айткан жоксуз. Сиз биринчи чаап туруп анан айттыңыз.

Талас телекомпаниянын жетекчиси Бурмагул Чабдарова:

- Кечирип коюңуз Кокунбек Таштаналиевич мындай мамиле туура эмес. Мына мага алып келип көрсөттү. Көрсөңүз өзүңүз.

Мамлекеттик жетекчинин журналисти папка менен чапкан ошол тартылган тасманы телекомпаниянын мотаж жасоочу бөлүмүнө кирип көргөндөн кийин Көкүнбек Таштаналиев Ороз Бейшебаев менен жеке сүйлөшүүнү көздөп, аларды жалгыз калтыруусун суранды.

Жабыркаган журналист менен жетекчинин сүйлөшүүсү кандай болду биле алган жокпуз. Бирок Ороз Бейшебаев баарыбир бул тууралуу сотко кайрылаарын кайталап айтты.

Талас телекомпаниянын жетекчиси Бурмагүл Чабдарова мамлекеттик жетекчилердин журналистерге болгон мындай мамилесинен чочулайт:

- Мындай көрүнүш бизди абдан чочутат. Бир чети азыркы биздин материалдык техникалык базабызды оңдой албай жаткан учурда, минип айрым бир жетекчилер папка менен техникабызды, камерабызды чапкылап отурса биз кайсыл мезгилге чейин, мындай деңгээлде иш алып бара алабыз айта албайм.

Бир журналистти урган бул жалпы журналисти урган менен барабар дейт Талас массалык маалыматтар ресурстук борборунун юристи Марат Арыкбаев:

- Өтө туура эмес нерсе. Бул нерсени жөн койбош керек. Тийиштүү органдарга, тийиштүү жетекчилерге кайрылыш керек. Ведомсвенный мекеме болуп жаткандан кийин булардын жетекчилигине кайрылыш керек өздөрүнөн жогору турган. Бир журналистти урган бул жалпы журналистердин атына доо кетип жатат да.

Талас жергесинде акыркы 5 жылдын ичинде мамлекеттик жетекчи менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда ушуну менен 4 чоң чатак болуп, анын ичинде эки иш сотто каралган.

XS
SM
MD
LG