Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

11:23 Жогорку Кеңеш Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысын кызматтан алууну өкмөткө сунуштады


Тийиштүү протоколдук тапшырма бүгүн өкмөткө жолдонду. Анда Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы К.Курманалиевдин кызматын караштырып көрүү премьер-министрге сунушталган. 27-июнда Жогорку Кеңеш “Жер байлыктары жөнүндөгү” мыйзамды артка кайтарып, ал мыйзамды алып келген Курманалиевдин коррупциялык иштерге тиешеси бар экендиги тууралуу айыптоолор айтылган. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков “Курманалиев жеке өзү 6 лицензияны алып алган жана Камеконун адвокатына айланып калган” деп билдирип, аны иштен алууну өкмөт башчы Игорь Чудиновго сунуштаган эле. Бирок Курманалиев андай айыптоолорду четке кагып, анда сөздөрду прокуратура текшериш керектигин билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG