Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

12:37 Конституциялык сот укук коргоочулардын арызын кароодо


“Кылым шамы” уюмунун башчысы Азиза Абдырасулова митинг, пикеттерди чектеген Бишкек шаардык кеңеши өткөн жылы кабыл алган токтомду, андай токтом кабыл алууга шаардык кеңешке негиз берген “Борбордун өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзамдын 11 беренесин жокко чыгарууну талап кылды. Абдырасулова өзүнүн талабын бул мыйзам жана токтомдордун жаңы конституциянын талаптарына туура келбеши менен негиздеди. Укук коргоочулардын арызын конституциялык соттун төрайымы Светлана Сыдыкова баш болгон судьялар карап жатат. Түшкө чейин судьялар А.Абдырасулова жана Н. Токтакуновдун негиздемелерин укту. Түштөн кийин сот ишин улантат. Белгилүү болгондой укук коргоочулар шаардык кеңештин токтомун жокко чыгаруу арызы менен конституциялык сотко кайрылышкан. Сот арызды кароону 1-июлга белгилеген эле.(AiT)

XS
SM
MD
LG