Президенттин жардыгы менен Нурбек Болотов адамдарды куткарууда чечкиндүү жана тайманбас аракетери үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. “Теңир” фильминин режиссеру Болотов Балыкчы-Нарын жолундагы Долон ашуусунда аварияга учураган чакан автобуска туш болгон. Жолдон чыгып кеткен автобус дарыянын ортосуна туруп калган. Режиссер дароо аркан байланып, унаа кулап түшкөн жерден адамдарды куткарып, коопсуз жерге алып чыга баштаган. Мына ошондой аракет менен ал чакан автобустагы 24 кишинин өмүрүн сактап калган. Режиссер Нурбек Болотов белгилүү спортчу жана каскадер.(AiT)
12:52 Режиссер Нурбек Болотов 24 адамды куткарып калгандыгы үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланды