“Акыйкат үчүн” кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун билдирүүсүнө караганда, жолугушууга бийликтеги “Ак жол”, ага жакын коммунисттер партиялары жана оппозициялык партиялардын өкүлдөрү бирге катышты. Бийликчил партиялар жолугушууда Кыргызстанда реформалар жүрүп, демократиялык багытта жетишүүлөр болуп жатканын билдирген. Ал эми оппозициялык партиялар акыркы жыл ичинде Кыргызстанда демократия кысымга алынып баратканын, бирок ага ЕККУ тараптан тийиштүү реакция болбой жатканын ачыкташкан.Оппозициялык партиялар ошондой эле Кыргызстандагы окуяларга ЕККУ такай реакция жасап, өз пикирин билдирип туруш керектигин кошумчалашкан. Анткени Кыргызстан бул уюмдун алдында алган милдеттенмелерин аткарбай жатат, деп белгиледи Жекшенкулов. (AiT)