Мурдакы президент Сапармурат Ниязов Түркмөнстанда алты жыл мурда айлардын жана жумалардын аталыштарын реформалап, айрымдарын өзүнүн жакындарынын ысымдарына котортуп салган болчу. Түркмөнбашынын календарына ылайык, бүгүнкү күндү Огуз айынын алгачкы күнү – Жашкүн деп атоо керек эле. Эми түркмөндөр да бүгүнтөн тартып июль жана башка ай аталыштарын расмий колдонууга өттү.
Түркмөнстан бүгүнтөн баштап айлардын аттарын кайрадан Григориан календары боюнча атай баштады