АКШ жетегиндеги эл аралык күчтөрдүн маалыматына караганда, чалгындоочу учак Пакистандын чек арасына жакын жердеги Хост вилайетинде талиптердин өргүү жайы бар экенин байкап келгенден кийин алар абадан соккуга алынган. Андан бир аз мурда АКШнын аскерлери Ооганстандын түштүк-батышындагы Нимроз вилайетинде 28 жоочуну жок кылганын ооган бийликтери билдирген болчу. Жыл башынан бери өлкөдө 2100дөй киши согуш аракеттерине байланыштуу өмүрүнөн ажыраганын Ассошиейтед Пресс агенттиги кабарлады.
Ооганстандын чыгышында НАТОнун аскерлери абадан урган соккулардын натыйжасында отуздай жоочу жок кылынды