Бул тууралуу уюмдун төрагасы Александр Стубб кечээ кыргыз президенти менен жолугушуу учурунда билдирген. ЕККУ төрагасы Кыргызстан ачык коом түзүү, адам укуктарын жана сөз эркиндигин камсыз кылууда Борбор Азияда алдыңкы сапта турганын, Казакстандан кийин Кыргызстан да уюмга төрагалык кылууга мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилеген. ЕККУга төрагалык кылуу 2010-жылы Казакстанга өтөөрү белгилүү. Ошол эле учурда мурдагы тышкы иштер министри, “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов “Кыргызстанда азыр андай мүмкүнчүлүк жок, ЕККУга төрага болуу үчүн өлкөнүн эл аралык чөйрөдө кадыр-баркы, жетиштүү каражаты жана дипломатиялык кадрлары күчтүү болушу керек”, - деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. ЕККУнун учурдагы төрагасы Александр Стубб кечээ Кыргызстанда иш сапары менен болуп, өлкө жетекчилиги жана жарандык коомдун, саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуп кетти.(SM)